Буга чейин белгилүү кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен Дания өлкөсү кызматташуудан баш тартканын социалдык тармак аркылуу билдирген.
Бүгүн Өмүрзаков Даниядан чалып түшүнбөстүктөр болгонун айтып кечирим сураганын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
"Телефон чалып түшүнбөстүк болгону үчүн кечирим сурашты. Алар телефон аркылуу Даниянын өкмөтүнө Кыргыз өлкөсүнүн нейтралдуулугун түшүндүрүшкөнүн айтышкан", - деп жазган ал.
Катта акыркы кырдаалга байланыштуу Кыргыз өлкөсүн Орусиянын бир бөлүгү катары эсептеп алышканын, бул үчүн кечирим сурап, келишим боюнча Дания кыргыз бийчисин күтөрү жазылган.