2 күндө канча килограмм алтын сатылды? Улуттук банктын жообу

Өлкөдө 28-февралдан 2-мартка чейин 6 килограмм 4 грамм алтын сатылды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, сатылган алтын куймалардын суммасы 37 миллион 100 миң сомду түздү.

"2022-жылдын 28-февралынан баштап 2-мартка чейин Улуттук банк тарабынан суммасы 37 миллион 100 миң сом болгон 6 килограмм 4 грамм алтын куймалар сатылды", - деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров алтын алууга кезек күткөндөрдун саны көбөйгөнүн айткан. Ал эми депутат Балбак Түлөбаев той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан