Бүгүн, 3-мартта парламентте Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат жабык эшик артында каралып жатат.
Депутат Дастан Бекешев жабык эшик артында жашыруун эч нерсе каралбаганын билдирди. "Жыйында экономикалык маселелер каралып жатат. Эмнеге жабык эшик артында каралып жатканын түшүнгөн жокмун. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы боюнча айтышууда.
Азырынча санкциялар тууралуу сөз болгон жок. Санкциялар боюнча маалымат каражаттарынан эле окуп жатабыз", - дейт ал.