Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Айнура Шаршенбиева каза болду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаршенбиева Айнура Турарбековна 1976-жылы 16-апрелде Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сосновка айылында туулган. 2003-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2003-жылдын августунан 2005-жылдын март айына чейин «Арстанов жана К» адвокаттык конторасында жактоочунун жардачысы болуп эмгектенген. 2005-жылдын апрель айынан 2006-жылдын мартына чейин «Кыргызайылтех сервис» Лизинг компаниясында жетектөөчү юрист кызматын аркалаган. 2006-жылдын мартынан 2016-жылдын ноябрь айына чейин «Арстанов жана К» адвокаттык конторасында жактоочу болуп эмгектенген.
Президенттин жарлыгы менен 2016-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындалган. Президенттик жарлык менен 2021-жылдын ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы болуп жаш курагы чегине чейинки мөөнөткө дайындалган.