Бүгүн, 3-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 108 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"3-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 108 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 149 метр куб, агып чыгышы 397 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Кечээ, 2-мартта суу сактагычта 8 миллиард 130 миллион метр куб суу бар болчу.