Бүгүн, 3-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте башталган хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинде коньки менен муз үстүнө чыкты.
Ачылыш аземге Садыр Жапаров дагы катышып, коньки менен муз үстүнө чыкты.
Мелдештер Бишкекте Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) алдында өтүүдө. Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсү, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран курама командалары катышууда.
Турнирдин ачылыш аземине Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф дагы катышты.