Эртең, 4-мартта Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- 9:30дан 18:00гө чейин Ак-Тилек-3 конушу; Орто-Сай айылы (Лесхозная көч, №3, 3А, 9 үйлөр;
- 9:30дан 17:00гө чейин Ак-Босого конушу (Садабаев көч); Аламүдүн кичи району №85, 86 үйлөр; 6-кичи району №31 үй;
- 9:30дан 15:00гө чейин Саратов көчөсү менен Шайыр көчөсүнүн кесилиши,
- 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй кең көчөсү №273 үй, Ак-Босого конушу (Чүй 12 көчөсү); Арча-Бешик конушу (Жазира көч); Ала-Тоо конушу (Көк-Кыя көч);
- 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй, Манас кең көчөсү, №61 үй, Арча-Бешик конушу (Кең-Суу көч); Чортеков көчөсүнүн кесилиши;
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.