Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча талкуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин демилгеси менен 4-мартта саат 14:00дө Жогорку Кеңештин Батыш залында айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча жайыт комитеттеринин, фермерлердин жана ассоциациялардын катышуусунда талкуу өткөрүлөт.
Сурап-билүү телефон номерлери: 0312 63 86 40.