Бир суткада 23 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 11, Чүй облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 4, Баткен облусу – 1.
Жалпы 200 миң 599 адамдан коронавирус аныкталган.
Ал эми 63 бейтап илдеттен сакайды.
Бишкек шаары – 27, Ош шаары – 1, Чүй облусу – 21, Ош облусу – 5, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 6, Баткен облусу – 1.
Айыккандардын жалпы саны 195 миң 531ди түздү.