"Кыз үч жашында өгөй атасынын колуна келген". Чүйдө өгөй кызын зордуктаган атага сот чечим чыгарды

Чүйдө өгөй кызын зордуктаганга шектелген жаран күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматына байланышканыбызда билдирди.

Ага ылайык, сот чечимди 4-февралда чыгарган.

"4-февраль күнү шектүү күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды", - деп билдиришти соттун маалымат кызматынан.

Жактоочу Эсения Рамзанованын айтымында, кыз 3 жашында өгөй атасынын колуна келген.

"Жабырлануучу кыз үч жашында өгөй атасынын колуна келген. Кыз өгөй атасынын фамилиясын алган. Ал 9 жашынан баштап зордук көргөн. Азыр 16 жашта. Жабырлануучу кыз болуп жаткан окуя боюнча башкаларга айтып келген, бирок ага эч ким ишенбей койгон. Кийинчерээк кыз качып, алыстагы туугандарына айтканга мүмкүнчүлүк болгон. Туугандары арыз жазып, кыз текшерүүдөн өткөн. Бирок шектүү күнөөсүн моюнуна алган эмес. Айыпталуучу аталык укугунан ажыратылып, үй-бүлө ажырашкан.

Биз айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну сураганбыз, ал эми прокурор 15 жыл сураган. Сот 18 жылга эркинен ажыратты", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан