Алымкадыр Бейшеналиев: "Орусиядан 60 пайыз, Украинадан 20 пайыз дары-дармек алабыз"

Орусиядан 70 пайыз, Украинадан 20 пайыз дары-дармек импорт болуп келет. Мындай пикирди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев kaktus.media сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 3-4 айга жете турган дары-дармектин запасы бар.

"Мен фармацевтикалык фирмаларды, дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин өкүлдөрү менен чогулуш өткөрдүм. Анын жыйынтыгында бирдиктүү пикирге келдик. Фармацевтикалык фирмалардын кампаларында 3-4 айга жетиштүү дары-дармек запасы бар. Бул убакытта эч бир дарынын түрү боюнча көйгөй болбойт. Алар дарыларды ооруканаларга берип жатышат.

Орусия жана Украинанын ортосундагы жаңжал качан токтору белгисиз. Украинадан 20 пайыз, Орусиядан 60 пайыз дары-дармек алабыз.

Фирмалар менен келишим түзгөндө доллар менен түзүлөт. Ал эми бизде сом менен сатылат. Дароо доллар көтөрүлгөндө фармацевтикалык фирмаларда маселе жаралды. Бирок биз туруктуу баада сатуу боюнча сүйлөштүк.

Азыркы учурда Түркия, Индия, Иран жана Пикистан менен сүйлөшүүлөдү жүргүзүп жатабыз. 10 күндөн кийин Түркияга барып, саламаттыкты сактоо министри менен жолугам. Буга чейин алар менен иштешип келгенбиз. Азыркы кезде 550 дарынын түрүн Түркиядан алабыз", - деп билдирди министр.

Мындан тышкары Бейшеналиев дары-дармектин жетишсиздиги болбой турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан