Мектепке кетип, сабакка барган эмес. Бишкекте 17 жаштагы Надира Исабекова дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 2004-жылы туулган Надира Исабекова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, ал Тынчтык конушунан 28-февралда мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес.

"Надира эртең менен саат 07:30да мектепке кеткен. Кантта жатак мектепте окучу. Окуусуна дагы барбаптыр", - дешти жакындары.

Өзгөчө белгилери: Бою 165 сантиметр, салмагы 65-70 килограмм.

Кийген кийимдери: Көк пальто, жашыл түстөгү кофта, кара шым, бутуна ак түстөгү кроссовки.

Жогорудагы кызды көргөн-билгендер болсо 0550476593 номерине кабарлап коюуну жакындары өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан