Бишкек шаарынын тургуну Дмитрий Зиниев изделүүдө

2019-жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Дмитрий Зиниев изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дмитрий Зиниевдин апасы милицияга уулун табууга жардам сурап кайрылган. 48 жаштагы Дмитрий Зиниев 2019-жылы март айында Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: Бою 185 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, көздөрү көк түстүү.

Сүрөттөгү адамды көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып кабарлап коюуну укук коргоо кызматкерлери өтүнөт: 0702 49-8888; 0557 11-94-10; 0709 33-24-63; 0704 300-843.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан