Бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайы өттү. Анда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сотторду маалымат каражаттары менен тыгыз иштешүүгө чакырды.
"Иштерди эч себеби жок жабык эшик артында кароону, видеожазууларга тыюу салууну токтоткула. Маалымат каражаттары менен мамилени чыңдап, өркүндөтүү өтө маанилүү. Сотторду өз учурунда калыс жана туура маалымат чагылдырууга үндөйм. Болбосо элдин сот адилеттүүлүгүнө болгон ишенимин жогорулатуу өтө кыйын болуп калат. Аппараттык комплекстер орнотулган залдарда соттук отурумдарын аудио, видеожазуулары сөзсүз жүргүзүлүүгө тийиш", - дейт ал.