Алымкадыр Бейшеналиев диссертацияларды кайсы жакта жактаса болорун айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунда жогорку деңгээлде жакталган диссертацияларга ишенбейт. Бул тууралуу ал kaktus.media сайтына берген маегинде билдирди.

"Анткени алар диссертацияларды ачык түрдө жакташкан эмес.

Алар эл аралык деңгээлге чыга алышпайт. Деңгээл ушундай, алар өзүлөрү муну билишет. Эгер алар эл аралык, Кембридж университетинин деңгээлине чыга алышса, мага далилдеп бергиле, отставкага эле кетпестен асынып алайын. Мен илим жактаган адаммын. 30 жыл диссертация жаздым, кантип диссертация жазыларын билем.

Азыркы учурда даяр диссертацияларды Улуттук хирургия борборунда, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Кыргыз-Орус Славян университетинде диссертация комиссиясында жактай берсе болот. Анткени алардыкы мыйзамдуу", - деп билдирди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан