Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору жоюлду. Жаңы оорукананын аты каттоодон өттү

3-март күнү Бишкектеги Клиникалык тез жардам ооруканасы юстиция органдарынан кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Памир Муратов бардык маселе чечилгенин, эми ооруканада бөлүмдөрдү уюштуруу жана ачуу иштери башталарын билдирген.

"Оорукананын атын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу маселелер чечилди, кийинки кадам ооруканада кардиология, неврология сыяктуу жаңы бөлүмдөрдү уюштуруу жана ачуу болот. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте каржылоого байланышкан маселелердин үстүндө иштеп жатабыз жана жакынкы арада клиникалык тез жардам ооруканасы кадимки режимде иштей баштайт деп ойлойм", - деген Памир Муратов.

Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.

Буга Сабырбек Жумабеков жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан