ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова ("Ата Журт") Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу боюнча Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну ратификациялоодо жакшылап ойлонуу керектигин айтты. Депутат бул долбоордун идеясын колдой турганын айтып, бирок акчасы өлкөнү карызга батырат деген ойдо. “Бул насыяны алсак тышкы карызыбыз дагы өсөт. Акаев убагында Ош-Бишкек жолу курулуп, ага 280 миллион доллар кеткен. Азыр 850 миллион доллар кеткени жатат, ойлонолу. Тышкы карызыбыз ансыз да көп экенин билесиңер”,- деди Жолдошова.
Ал эми депутат Бахтияр Кадыров (КСДП) кытайлык делегация менен жолугушканын, алар Кыргызстан Кытай менен достуктун пайдалануу аркылуу бул жолду куруп алуусу керектигин билдиргенин айтты.