Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 85 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"4-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 85 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 156 метр куб, агып чыгышы 425 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.