Бүгүн, 5-мартта борбор калаадагы Ынытмак-2 сейил багында Ак калпак күнү белгиленүүдө. Майрамдык иш-чарада өлкөнүн маданият, спорт, туризм жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов сөз сүйлөп, ак калпактын бийиктигин сактап калыш негизги максатыбыз болушу керектигин белгиледи.
"Ак калпак сууктан сактап, ысыктан коргогон гана баш кийим эмес. Ал кыргыздын тарыхы, кыргыздын басып өткөн жолу менен байланышкан. Ал абийир, адилеттүүлүк өңдүү улуттук баалуулуктарыбызды бир аалам катары сиңирген баш кийим. Кыргыз эли ар дайым ак калпакты таштандыга таштабай, тепселебей, адамдан да бийик кылып көтөрүп жүргөн. Калпак бул ата-бабаларыбыздан калган мурасыбыз. Кыргыз башка элдерден улуттук баалуулуктары менен гана айырмалана алат. Ошондуктан ушундай баалуулуктарыбызды аздектеп, түпкүрүн бузбай кийинки муунга жеткирип беришибиз керек", - деди министр.
Белгилей кетсек, 5-март Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Демилгенин автору режиссёр жана коомдук ишмер Ырысбек Жабиров. Ал эми аталган майрам өлкө аймактарында 2016-жылдан тарта масштабдуу түрдө белгилене баштаган.