Жогорку Кеңештин төрагасы сот системасынын кызматкерлерин куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сот системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сот системасы мамлекетибиздин укуктук сасясатын калыптандырууда өзгөчө орунду ээлейт. Сот ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири акыйкаттык принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу болуп саналат.

Ал эми сот бийлигинин кадыр-баркын бекемдөө үчүн анын ар бир баскычынын адилет иштөөсү жана сот кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу өтө маанилүү.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жасап жаткан иштериңиздерде ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан