ПОЭТЕРАПИЯ: "Суранбай конуп алган ийиниңе, сумкеңдин боосу менден бактылуудай"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Эрлан Жумагазиев.

Акын Эрлан Жумагазиев 1983-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Мойнок айылында туулган. 2007-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтун аяктаган. Алгачкы эмгек жолун 2007-жылы Ысык-Көл районундагы Хасан Жээнбаев атындагы Бостери орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуу менен баштаган. Бир нече жыл мугалимдик жана журналисттик кесиптерди аркалаган. "Нурборбор" коомдук бирикмесинин, "Калемгер" адабий клубунун жана улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Каарманыбыз 12 жашынан ыр жазууну баштап, алгачкы ырлары 1998-жылы Кочкор райондук "Эмгек Туусу" гезитинин "Тамызгы" рубрикасынын астында жарыяланган. "Жан дүйнө жаӊырыгы", "Машакат өмүр" поэтикалык жыйнагынын, "Акыбет" даректүү повестинин автору. Мындан тышкары бир нече поэтикалык, прозалык, диний китептердин редактору жана корректору.

Арзуу

Уйпаса көкүрөктү бүлүк сезим,
Улоодо сага жетпей үмүт көчүн.
Арналгым келсе дагы өмүр бою,
А мага кол жетпеген бийиктесиң.

Эрке жел сулуулугуң баалагандай,
Эркелеп жүзүң сүйөт каалагандай.
Аймаган салкын желге суктансам да,
А мага буйрулбаптыр таалай андай.

Дүрбөлөң сезим берген жаш сулуум ай,
Дүйнөдө сен бар үчүн жаз жылуудай.
Суранбай конуп алган ийиниңе,
Сумкеңдин боосу менден бактылуудай.

Арман ай, мен аларга теңеле албай,
Аргасыз өзүмдү-өзүм келем алдай.
Ууртуңдан сүйөр элем жол тоспосо,
Уяңдык ары өткөрбөс чек арамдай.

Бул ыр 3-курсту аяктап, айылга эс алууга барганда жазылган. Жаңылбасам, июль айы болсо керек. Күзүндө бир той болуп, эң биринчи ошол жерден окугам. Эртеси «Калемгер» адабий клубунун кеңсесинде отурсам, маркум Зайырбек Ажыматов байкем телефон чалып, "Ой бала, кечээки ырыңды кайра окучу", - деди. "Жактыбы?" - десем, "Жакканды айтасың да, Эрлан ушундай ыр жаза турган деңгээлге өсүп кетти беле? Чалкаман түшүп кала жаздадым",– деди борсулдап күлүп. Муну элге жайган Мирлан Самыйкожо болду. Кайсы бир иш-чарада мени тааныштырышы керек болсо, же бир ыңгайы келип калса, үчүнчү куплетти окуйт дароо. Андан башка куплеттерин деле билишпейт, менимче. "Элге окшоп том-том жазып отурбай, төрт эле сап менен атактуу болуп койгом", - деп калам кээде оюн-чындан. Себеби андан кийин деле эчен ыр жаздым. Бири да ушул ырдын үчүнчү куплетиндей айтылып калган жок. Ырдын лирикалык каарманы учурда үч баланын энеси. Аты-жөнү, башкасы жашыруун бойдон калсын.

Кабыр ыры

Билем бүгүн менден качкан досторум,
Билем эртең бейитимде жаш төгөт.
Бизди бөлгөн күндөр акыр топтолуп,
Бизди көмгөн күнгө чейин апкелет.

Эки көздөн төгүлөр жаш... Ысык жаш,
Ээх, ал кезде же жасалма, же чындап!
Муздак денди ошол көз жаш ысытпас,
Муңга айланып, кеткен үчүн эсил жан!

Жомоктошор кабырымдын башында,
Жоругумду көзүм тирүү кездеги.
Эстебестир (эске алышпайт азыр да),
Эсил күндөр эчен зардап чеккеним!

"Кандай адам болчу?"- деген суроого,
"Жакшы болчу"- дешер анда көптөрү.
Айталбастыр оо ошондо, бирөө да,
Көз тирүүмдө далы салып кеткенин!

Ыр 2016-жылы жазылыптыр. Ошол мезгил мен үчүн өтө оор жылдардан болгон. Дос-тамырды кой, туугандарым да көз кырын салбай, өзүм менен өзүм калгам. Досум, теңтушум деп жүргөн айрымдардын да анык жүзүн ошондо көргөм. Мүңкүрөп турганда жөлөп-таяп, колунан келген жардамын берип, кыйын кырдаалдан сууруп чыгып кеткен төрт эле досум болду. Калгандарынын мени менен деле иши болбой, ал тургай "сен ким элең?" деп мамиле жасап калышкан. Өлгөндө эле буркурап-боздоп калбай, тирүүлүктө сыйлаша жүргөнгө не жетсин.

Атама

Бар чачыңдын агарган ар талында,
Балдарым деп тарткан түйшүк, камылга.
Атаганат, өксүтөт ээ дүйнөңдү,
Апабыздын болбогону жаныңда!

Сырттан күлүп, а ичиңден кайрып муң,
Сыр бербейсиң кылса дагы кайгы үстүм.
Жети балаң бир апамча болалбай,
Жемиргендир канча жылдык жалгыздык!

Качат мезгил кумдай чууруп салааңдан,
Кайтпас күндөр кайкып учкан жагалмай.
Арып барат барган сайын кубатың,
А мен дале жүрөм ордум табалбай!

Апамдын көзү өткөндөн кийин атамдын деми тая түштү. Ден соолугу да мурдагыдай болбой, бат-бат ооруй турган болду. Төрт уул, үч кызы канчалык үйрүлүп түшүп, аталап турганыбыз менен апамдын орду жоктугу оңкулдап билинип турат. Баарыбыз бириксек да, бармактайынан баш кошкон ошол адамдын – апамдын ордун толуктай албасыбызды сезем. "Кошконуң менен кошо кары" деген сөздүн мааниси ушунда белем. Апабыздан айрылганда атам 53 жашта болчу, азыр 69га келди. Бизге карап төшөк жаңыртпай да койду. Атамдын көзү барында өз ордумду толук таап, бир жерден туруктуу орун-очок алып, санаасын тынчытсам болот эле.

Жан туйгу

Багыт издеп кара жанды карч урдум,
Бакыт сунар шерик таппай жанчылдым.
«Балким...» деген куру кыял жетелеп,
Баркым билбес канчаларга чарпылдым!

Күдөр үзбөй анда деле талпындым,
Күндөрүм бар: алдым – көксөө, артым – муң!
Үшкүрүктүү көңүлдү аяар бекенсиң?
Үмүт жанып, ышкы отуңа тартылдым.

«Эңсөөң – ушул» деген өңдүү жан туйгум,
Эс-мас кылган турпатыңа балкыймын...
Каалаганым айтпай бирок тек гана,
Карегиңе дарегимди калтырдым.

Обончу Түмөнбай Колдошов чакан чөйрөгө чай-концерт уюштурган. Ошол жерден таанышкан бир жубан эмнегедир көңүлгө жылуулук уялатып койду. Анын таасиринен ушул ыр жаралып кеткен. Саптарда айтылгандай, беш жылдан бери жалгыздык менен күрөшүп келатам. Жалгыздык жаныман кайсы күнү биротоло качат, аны бир Кудай билбесе...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан