Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарындагы Ынтымак-2 сейил багында Ак калпак күнү белгиленди. Майрамдык иш-чара алгач ак калпак жана улуттук кийимчендердин жөө жүрүшүнөн башталды. Ага театр кызматкерлери, эл артисттер, кино тармагынын өкүлдөрү, студенттер, мектеп окуучулары жана калаанын тургундары катышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, маданият кызматкерлери, шоу-бизнес ырчылары жана бийчилер келген меймандарга майрамдык маанай тартуулашты.
Ал эми үчүнчү бөлүгүндө "Кыргыз салттуу кийими" аталышындагы улуттук кийимдердин фестивалы орун алды. Анда аймактардан келген кол өнөрчү үй-бүлөлөр арасында салттуу кийимдердин сынагы өткөрүлүп, ар бир катышуучу топ өздөрү жараткан, үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык улуттук кийимдердин бардык түрлөрүн тартуулашты. Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Ысык-Көл облусунан келген "Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы" тобу жеңип алды. Ал эми 2-орунду Талас облусунун "Улуу Мурас" үй-бүлөсү ээлесе, Чүй облусунан келген "Аздек" тобу 3-орунду камсыздады.
Салттуу кийимдер сынагы "Кийиз дүйнө" коомдук фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек мэриясынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери департаменти жана "Кап строй KG" курулуш компаниясы тарабынан уюштурулган.
Мындан тышкары иш-чараны жыйынтыктай калпак тигүү, элечек ороо, ийик ийрүү, сайма саюу жана өрүм өрүү сыяктуу өнөр түрлөрүнөн мастер-класстар да тартууланды.
Белгилей кетсек, 5-март Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Демилгенин автору режиссёр жана коомдук ишмер Ырысбек Жабиров. Ал эми аталган майрам өлкө аймактарында 2016-жылдан тарта масштабдуу түрдө белгилене баштаган.