Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
5-марттан 9-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 70-75, 86-101-чакырымдарында;
Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында;
Каракол-Эңилчек унаа 45-48, 65-90-чакырымдарында;
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси);
Казарман-Актаа-Чат унаа жолунун 60-94- чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу).
Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.