ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликтин алдын алуу максатында эл менен жолугушууда

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ысырапкерчиликтин алдын алуу максатында эл менен жолугушууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча" жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Анда калк маркумду коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөт, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болуп жаткандыгын, ал тургай мындай шаан-шөкөт салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп бара жаткандыгын айтышты. Мындан тышкары үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол бербөө маселеси кеңири талкууланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берилди. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар президенттин бул жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын жолугушууда айтып беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан