Ош шаарында 35 жаштагы келин күйөөсү тарабынан сабалып, кабыргасы, манжасы сынган. Ош ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү кармалып, күнөөсүн моюнга алды.
Белгилүү болгондой, 22-февралда 35 жаштагы келин арыз менен кайрылган. Арыз ээси 21-февралда күйөөсү мас абалында аны сөгүп, уруп, денесине жаракат келтиргендигин айткан.
"Арыздануучу мындай зомбулук буга чейин бир нече ирет болуп келгендигин кошумчалаган. Жабырлануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын 4 кабыргасы, сол колунун манжасы сынгандыгы тууралуу корутунду чыгарып берген.
Аталган факты боюнча 177-берене менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү суракка келбей, качып жүргөн. 8-мартта Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы Ч.С. Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө алып келинди. Шектүү өз көрсөтмөсүндө окуя болгон учурларда мас абалда болгонун, жасаган кылмышын толугу менен моюнга аларын билдирди. Кармалган жаран мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылган", - дешет мекемеден.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда.