
Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгы маркумду узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду. Ага ылайык:
- Азалуу үйдө алгачкы үч күн ичинде мал союлуп, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбесин;
- Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык жана башка ушул сыяктуу аттар менен жайылып жаткан дасторкондор эч бир диний китептерибизде айтылган эмес;
- Кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып "жыртыш" таратып берүү, кийит кийгизүү шариятта жок;
- Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Күмбөз курганга кеткен акчаны жетим-жесирге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөөк болот;
- Фатваны аткаруу бардык кыргыз мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.
"Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей эле экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутуу жетиштүү болот", - дешти Муфтияттан.