Евробиримдик Кыргызстанга
бюджетти кармап туруу үчүн 30 миллион евро берет. Бул тууралуу Кыргыз
Республикасынын каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Жогорку
Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя түрүндө берилет. Ал акча мамлекеттин өнүгүүсүнө жумшалат.
Мындан тышкары каржы
министринин орун басары депутаттардын назарына “Кыргызстан менен
Евробиримдиктин насыя тууралуу келишиминин”, “Кыргызстан менен Евробиримдиктин өз
ара түшүнүшүү меморандумунун”, “Кыргызстан менен Евробиримдиктин гранттык
жардамдар тууралуу” келишимдеринин долбоорлорун сунуштады. Жыйынтыгында депутаттар бул
маселени парламенттин жыйынында талкуулай турган болушту.