Буга чейин маалымат булактарынан НАТО деген сөздү көп эле жолу кезиктирсек керек. Бул аталыш өзгөчө Орусия-Украина ортосундагы акыркы окуялардан улам ар түрдүү талкууларга себеп болуп, кабарларда байма-бай жаңыра баштады. Мындай караганда АКШ жана Европа мамлекеттерин кучагына алган аскердик уюм экендиги жалпыбызга маалым. Бирок дүйнөдөгү күчтүү делген бул аскердик бирикменин биз билбеген дагы көп сырлары бар. Бул чыгарылышта дал ушул НАТО уюму тууралуу баяндайбыз. Анда сөз башынан болсун...
НАТОнун желеги
НАТОнун түзүлүшүнө себеп болгон Брюссель келишими
1948-жылы 17-мартта Европанын 5 өлкөсү: Бельгия, Улуу Британия, Люксембург, Нидерланды жана Франция бири-бири менен экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөдө кызматташуу максатында Брюссель келишимине кол коюшкан. Бирикменин негизги максаты иш жүзүндө тышкы агрессорлорго каршы (өзгөчө СССРге) биргелешкен коргонууну камсыз кылуу эле. Ортодогу келишимге ылайык, Брюссель келишимине мүчө мамлекеттердин кайсы бири тыштан келген куралдуу чабуулдун же агрессиянын курмандыгы болгон учурда башкалары аскердик колдоо көрсөтүп, бирге күрөшүүгө милдеттендирилген.
Брюссель келишими тарыхта НАТОнун түзүлүшүнө себеп болгон алгачкы иш-аракет болуп эсептелет. Кийин аталган бирикмени кеңейтүү максатында АКШ, Канада жана Европадагы башка мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр башталган. Мындай аракеттердин натыйжасы 12 өлкөнүн аскердик-саясий уюмга биригүүсү менен жыйынтыкталган. Алар: Бельгия, Улуу Британия, Дания, Исландия, Италия, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия, Франция, АКШ жана Канада. Ошентип тарыхта Түндүк Атлантика Альянсы же биз билген НАТО түзүлгөн (англис тилинде North Atlantic Treaty Organization). Ал эми аталган келишим 1949-жылы 24-августта толугу менен күчүнө кирген.
Альянстын максаты
НАТОнун 2009-2014-жылдар аралыгында жетектеген башкы катчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында бирикмени түзүүнүн эң негизги максаты Европаны СССРдин таасиринен коргоо болгон. Ал өз сөзүндө "Мындан 65 жыл мурун дал ушул айда дүйнөдө согуштук чыңалуу күчүндө турган кезде НАТО түзүлгөн. Ошол убакта СССРдин көлөкөсү Европанын асманында турганда Атлантика океанынын эки тарабындагы 12 мамлекет өздөрүнүн коопсуздугун, негизги баалуулуктарын, эркиндигин, демократиясын, адам укуктарын жана мыйзамдуулугун сактоо үчүн биригишкен", - деп билдирген.
Ал эми альянстын жалпы максаты Брюссель келишими сыяктуу эле мүчө мамлекеттерди тышкы агрессиянын бардык түрүнөн коргоо, алардын кызыкчылыктарын сактоо, өлкө эгемендигине зыян келтирүүчү иш-аракеттерди токтотуу болуп саналат.
*****
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы
Уюмдун учурдагы башкы катчысы - Йенс Столтенберг
НАТОнун кеңейиши
Алгач 12 мамлекеттен куралган НАТО уюмуна акырындык менен башка өлкөлөр да кошулуп, Европадагы кулачы кеңейе баштаган. Бирикме түзүлгөндөн кийин алгачкылардан болуп 1952-жылы Түркия менен Греция кошулган. Бул окуя тарыхта НАТОнун "биринчи кулач жайышы" деп аталат. Ал эми 1955-жылы Батыш Германия, 1982-жылы Испания өлкөсү мүчөлүккө кабыл алынган. Дүйнөдө "кансыз согуш" аяктагандан кийин да НАТОго кошулган мамлекеттердин саны көбөйө берген. 1999-жылы Венгрия, Польша, Чехия өлкөлөрү кошулса, 2004-жылы Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения жана Эстония мамлекеттери келишимге кол койгон. Ал эми уюм эң акыркылардан болуп 2009-жылы Хорватия менен Албанияны, 2017-жылы Черногорияны жана 2020-жылы Түндүк Македонияны мүчөлүккө кабыл алган.
Азыркы күндө 73 жылдык тарыхы бар аскердик бирикменин курамында 30 мамлекет бар. Бирикме ошондой эле "жеке өнөктөштүк" жана "тынчтык өнөктөштүгү" аталышындагы багыттар боюнча дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен да кызматташып келет. Алардын ичинде Кыргыз өлкөсү НАТО менен "тынчтык өнөктөштүгү" багытында кызматташат. Келишимге 1994-жылы президент Аскар Акаев кол койгон.
Мындан тышкары Босния жана Герцоговина, Грузия, Украина баштаган өлкөлөр бир канча жылдан бери НАТОго кирүү аракетин жасап келет.
НАТО азыркы тапта дүйнөнүн картасында
НАТОнун күчү
НАТОнун курамына кирген 30 мамлекеттин алтысы куралдуу күчтөрү боюнча дүйнөдө эң алдыңкы орундарда турат. Дүйнөдөгү армиялардын күчтүүлүгүн изилдеген Global Firepower веб-сайтынын 2021-жылдагы рейтингинде АКШ 1-орунга жайгашкан. Ал эми Франция 7, Улуу Британия 8, Түркия 11, Италия 12 жана Германия 15-катардан орун алган.
Уюмга мүчө өлкөлөрдүн бардык аскерлеринин саны 4 миллионго жакын. Анын 1 миллион 300 миңи АКШга, 411 миңи Түркияга, 208 миңи Францияга таандык. Ошондой эле Германия 182 миң, Италия 178 миң жана Улуу Британия 153 миң аскерге ээлик кылат. Уюмдагы куралдуу күчтөрү эң алсыз делген Черногория 1500, Люксембург 900 аскер менен жардам көрсөтөт. Дүйнөлүк басылмалар акыркы 3 жылдан бери НАТОнун аскер күчтөрүнүн саны артып жатканын жазып келишет.
*******
НАТОнун эрежесине ылайык мүчө мамлекеттер ар жылы экономикасынын 2% бөлүгүн биргелешкен армиянын бюджетине бөлүп берүүгө милдеттүү. Ал каражат куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө жумшалат. Уюмда бул жаатта да Америка Кошмо Штаттары лидерлик кылат. АКШ 2020-жылы экономикасынын 3,51 пайызын (784 миллион 952 миң доллар) НАТОго бөлгөн. Уюмга экинчи эң чоң каражатты Улуу Британия которот. Бул өлкө 2020-жылы 59 миллион доллар жумшаган.
Ал эми альянстын 2021-жылга карата куралдуу күчтөрүнө жумшаган жалпы чыгымы 1,174 триллион долларды түзгөн.
НАТО жана СССР
Советтер Союзу 1949-жылы НАТОнун түзүлүшүн өз коопсуздугуна коркунуч катары сыпаттаган. Бирок Берлиндеги АКШ, Улуу Британия, Франция жана СССРдин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда бирикме коопсуздукту гана максат кылары айтылган. Мындан улам СССР 1954-жылы НАТОго кошулууга кызыкдар экендигин билдирип, аталган маселени карап берүү өтүнүчү менен нота жиберген. Бирок НАТО Советтер Союзунун мындай сунушун четке кагып, ага "демилге батыш өлкөлөрүндөгү коргонуу жана коопсуздукту камсыз кылуу системасындагы принциптерге туура келбейт" деген жүйөнү келтирген.
СССР буга жооп катарында 1955-жылы 14-июнда Варшава келишимин түзүп чыккан. Ага Европадагы социалисттик саясатты жүргүзгөн 7 мамлекет: Албания, Болгария, Венгрия, Польша, Румыния, Чехословакия жана Германия Демократиялык Республикасы кирген (ред: Сөз 1955-жыл туурасында болуп жатат. Ал эми Польша, Германия баштаган өлкөлөр НАТОго кийин кошулган).
1990-жылдардагы Германиянын биригүүсү, СССРдин таркашы сыяктуу дүйнөлүк ири окуялардан кийин Варшава келишими да аягына чыккан. Ал эми НАТО бузулбастан сакталып, тескерисинче кулачын жая баштаган.
Акыркы 20 жылдыкта да НАТО менен Орусиянын алакасы мурдагыдай эле олку-солку абалда болуп келген. 2009-жылы НАТО Орусияны мүчөлүккө кабыл алуу маселесин кароого даяр экендигин жарыялаган. Буга жооп катары Орусия Түндүк Атлантика Альянсына кошулуу таптакыр болбой турганын билдирген. Бирок жакшы алакада кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеген.
Анткен менен 2014-жылы Крымдын Орусияга кошулганына байланыштуу НАТО аталган өлкө менен болгон кызматташтыгын токтотконун жар салган. Орусия дагы НАТОнун келишимди бузуп, барган сайын чыгышка жылып келе жатканын айыптап чыккан. Мындан улам 2021-жылы дүйнөлүк басылмаларда Орусия НАТОдогу өкүлчүлүгүн чакыртып алары жана уюмдун Орусиянын аймагындагы аскердик миссиясын токтотору кабарланган.
НАТО жана Украина
Украина 1994-жылы НАТО менен "тынчтык үчүн өнөктөштүк" багытында кызматташкан КМШдагы биринчи мамлекет. Алар кийин НАТО жүргүзгөн бир катар аскердик операцияларга активдүү колдоо көрсөтүп, альянска кирүү ниетин ачык билдирген. Мындан улам аскердик уюм 1997-жылы Чыгыш Европада биринчи болуп Киевге НАТОнун маалымат жана документтер борборун ачкан. 2002-жылы Украина - НАТО мамилеси жаңы тепкичке көтөрүлүп, ар жылы тараптардын биргелешкен аскердик-саясий өнүгүү пландары иштелип чыга баштаган.
Бирок 2006-жылы өлкөгө келген жаңы бийлик Брюсселде Украина НАТОго кирүүгө даяр эместигин билдирген кайрылуу жасаган. Мунун ордуна алар эч кандай милдеттеме албастан альянс менен кызматташууну улантуу ниети бар экендигин белгилеген. Ал эми 2010-жылы бийликке келген президент Виктор Янукович Украинанын НАТОго кошулууга болгон аракеттерин толугу менен токтоткон. Ошондой эле Украинанын НАТО менен болгон буга чейинки жакшы мамилеси сактала берерин белгилеп, өлкөнү альянска даярдоо үчүн түзүлгөн атайын комиссияны жоюп салган.
2014-жылы Крымдын Орусияга кошулушу жана Донбасстагы башаламандыктар Украинанын НАТОго кошулуу каалоосун кайра жанданткан. 2018-жылдын февраль айында өлкөнүн коргоо министри Степан Полторак украин армиясынын 90 пайызы НАТОнун стандарттарына ылайыкташтырылып бүткөнүн билдирген. Ал убакта Украинанын президенти Пётр Порощенко эле. Ошол эле жылы 10-мартта Украина НАТОго кошулууга талапкер болгон. 2020-жылы НАТО Украинага "кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр боюнча өнөктөш" статусун ыйгарган.
Косово согушун баскан... НАТО катышкан окуялар
НАТО дүйнөдө "кансыз согуш" аяктаганга чейин бир дагы жаңжалга аралашкан эмес. Альянс өз тарыхында алгачкы жолу 1994-жылы Босниядагы тополоңго кийлигишкен. Анда Баня-Лука шаарына уруксатсыз басып кирген Сербиянын аба күчтөрүнө каршы АКШнын истребителдери салгылашкан.
1995-жылы НАТО Босния жана Герцоговина өлкөсүндөгү этникалык араздашуудан келип чыккан жарандык согушта да маанилүү роль ойногон. Аталган өлкөдө босниялык сербдер менен мусулмандардын араздашуусу 3 жыл бою басылбай келген. Сербдер Сараева шаарында мусулман анклавдарын басып алып, шаардагы Манкал базарына жардыруу уюштурушкан. Ондогон адамдын өмүрүн алган бул окуядан соң сербдерге НАТО тарабынан эскертүү берилген. Бирок алар аскерлерин шаардан чыгарып кетүү сунушун четке каккандыктан НАТО аракетке өтүп, 30-августта АКШ, Түркия, Улуу Британия, Франция, Германия жана Испаниянын биргелешкен аскер-аба күчтөрү серб армиясына абадан чабуул жасашкан. Салгылаш 14 күнгө созулуп, акыры сербдер НАТОнун сунушуна макул болгон.
1999-жылы февраль айында Бириккен Югославия Республикасы менен албаниялык козголоңчулар арасында куралдуу кагылышуу орун алган. Окуянын башкы себеби Косово жана Метохия аймактарынын көз карандысыздыгы болуп, 2 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылган салгылаш менен коштолгон. Аталган жаңжалга март айында НАТО күчтөрү аралашып, каршылык көрсөткөн Югославияны бомбалоого алган. 3 айга созулган салгылаш Югославия армиясы менен НАТОнун ортосундагы аскердик-техникалык келишимдин түзүлүшү менен жыйынтыкталып, Косово согушу да аяктаган. Бул НАТОнун экинчи эң чоң аскердик операциясы болгон.
НАТОнун Коопсуздукту камсыздоочу эл аралык уюму (ISAF) 2001-жылдан 2014-жылга чейин Ооганстандын аймагында өлкөнү "Талибан" кыймылынын таасиринен коргоо кызматын активдүү жүргүзгөн. 2014-жылы аталган кызматташтык "Чечкиндүү колдоо" операциясы менен алмашылып, 2021-жылдын август айына чейин кызматын уланткан.