Чоң-Алайда жамгыр аралаш жааган кардан кийин үйлөрду суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-мартта саат 21:00дөр чамасында суу кар жана катуу жааган жамгырдан улам Чоң-Алай районунун Кара-Мык, Жекенди айылдарында 7 сарай жана 10 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.
Кырдаалга байланыштуу жаан-чачынга карабастан Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, 4 насос жана дагы 1 атайын техниканын жардамы менен кырсыкты алдын алуу жумуштары жүргүзүлгөн.