Равшанбек Сабировдун ордуна депутат болуп келген Мейкинбек Абдалиевдин өмүр баяны

Борбордук шайлоо комиссиясы Мейкинбек Абдалиевге депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 14-мартта БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Равшанбек Сабировдун ордуна депутат болду.

1976-жылдын 11-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтунун "Экономика жана бизнес" факультетин "Уюмдун менеджери" кесиби боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы Ноокен райондук салык инспекциясында тышкы салыктык кѳзѳмѳл бѳлүмүндѳ инспектор кызматынан баштаган.

2000-2005-жылдары Ноокен районундагы "Айкыз" кредиттик союзунда башкы бухгалтер;

2005-2006-жылдары "Токтомурад" дыйкан чарбасында тѳрага;

2006-жылдан тартып 2013-жылга чейин Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Майлуу-Суу, Таш-Кѳмүр шаарлары жана Ноокен району боюнча эксперти;

2013-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Түштүк аймактык ѳкүлчүлүгүнүн координатору болуп иштеген.

Ошондой эле 2004-2005-жылдары Ноокен райондук жана Масы айылдык кеңештеринде депутат, айыл чарба, ѳнѳр жай жана транспорт, телекоммуникация боюнча туруктуу комиссиясында мүчѳ;

2008-2012-жылдары Масы айылдык кеңешинде депутат, "Бюджет жана экономика" комиссиясынын тѳрагасы;

2012-2016-жылдары Масы айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары.

2021-жылдын 31-мартында "ϴнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Үй бүлѳлүү, 5 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан