14-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында Ош облусунун аймагында ысырапкерчиликти жоюу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жарандардын сунушун эске алуу менен бирдиктүү жобо иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүштү.
Ошондой эле облустун билим берүү тармагын алдыга жылдыруу боюнча тапшырмалар берилди.