Бишкектин мэри шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык кеңешме өткөрдү

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун вице-мэрлер, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча өткөрүлүп жаткан иштер, эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана даярдык көрүү, муниципалитеттин түзүмдөрүнө жүргүзүлгөн ички аудиттин жыйынтыгы жана жергиликтүү бюджеттин абалы каралды.
Райондук салык башкармалыктарынын, финансы башкармалыгынын, шаардык статистика башкармалыгынын жана ички аудит башкармалыгынын башчылары доклад кылышты.
Ички аудит башкармалыгынын башчысы Мират Усувалиевдин билдирүүсү боюнча, 2021-жылы 584 318,1 миң сомго бузуулар аныкталып, 62 951,9 миң сом калыбына келтирилди.
Пландык жыйынынын жыйынтыгы менен райондордун акимдерине бардык мекемелерде кассалык аппаратты киргизүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кадрларды ротациялоо тапшырмасы берилди.
Эл каттоо боюнча, шаардык ИИББине каттоочулардын коопсуздугун камсыздоо, ал эми акимдерге ири иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Жергиликтүү бюджетке карата финансы башкармалыгына азык-түлүккө жана күйүүчү майга болгон баанын жогорулашын, ошондой эле керектөөчү товарларга баанын жалпы этап-этабы менен көтөрүлүшүн эске алуу менен 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин деталдуу талдоосун даярдоо милдеттендирилди.
Аудитордук отчёттун жыйынтыгы менен мэр кемчиликтерди өз убагында аныктоо жана ички аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле объектилердин ички көзөмөлүн жакшыртуу боюнча чараларды көрүү маселесин койду.
Ошондой эле мэр өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселелерди көтөрдү. Бул айрым мекемелердин айланасын темир тосмолор менен тосуу, автобустарды сатып алуу, борбор калаадагы имараттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана алардын бирдиктүү концепциясы, ирригация маселеси, борбор калаанын тротуарларынын абалын жакшыртуу жана башкалар. Ошондой эле Нооруз майрамын белгилөөгө даярдык көрүү, ишембиликтерди өткөрүү маселеси козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан