Кыргыз өлкөсүндө альпинисттерди куткаруу үчүн “Эдельвейс” тобу түзүлүүдө

Кыргыз өлкөсүндө альпинисттерди куткаруу үчүн “Эдельвейс” куткаруу тобу түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-марттагы маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Министр өз сөзүндө Кыргыз өлкөсүнө дүйнө жүзүнөн альпинисттер келип жатканына токтолду.

“Былтыр генерал-майор жана ирандык альпинисттер каза тапты. Буга чейин бул тармакта куткаруучулар жок эле, учурда альпинисттерден “Эдельвейс” атайын тобун түзүп жатабыз”, - деди Ажикеев.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасынын куткаруучулары эл аралык "Инсараг" куткаруу тобуна кирүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

“Бул топ эл аралык макамга ээ жана ага күчтүү мамлекеттердин куткаруучулары кирет. “Инсарагга” биз дагы киргенге аракет кылып жатабыз. Ал дүйнө жүзүндөгү кырсыктарга катышып жаткан команда. Чет тилди жакшы билген, физикалык даярдыгы жогору, техникалык жабдуусу мыкты болгон кызматкерлерден турат. Бул багытта Түркия жардам берерин билдирген”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан