14-мартта Бишкекке америкалык ковбойлор келишти. Алар 18-19-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүүчү "Көчмөн-Ковбой-2022" долбооруна катышат.
Маалым болгондой, АКШ менен Кыргыз өлкөсүнүн достук кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата "Көчмөн жана ковбой-2022" иш-чарасы уюштурулду.
"20-мартка чейин америкалык ковбойлор Ысык-Көл облусуна келишет. Алардын айрымдары эр эңиш оюндарына катышат. Ал эми көк бөрү оюнуна катыша турган ковбойлор жергиликтүү улакчылар менен чогуу машыгуу өткөрүшөт.
20-21-мартта ковбойлор Бишкек шаарындагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанатка күбө болушуп, таңкы берүүлөргө катышат. Ошондой эле 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча америкалык команда утуп алган байгени Сокулуктагы балдардын реабилитациялык борборуна тапшырышат", - дешти "Sun People" агенттигинен.
14-мартта өлкөгө келген ковбойлор тууралуу:
Ник Уиллерт – аралаш мушташ искусствосу боюнча кесипкөй мушкер, бразилиялык джиу-джитсу боюнча 1-баскычтагы кара кемердин ээси, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу.
Уил Грант – Батыш АКШдагы адамдар жана жер тууралуу чагылдырган, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу.
Лэдд Хауэлл – аттар үчүн кошулма чыгарган компанияда иштейт жана родео боюнча кесиптик жарыштарга катышат. Орус тилин билет, 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катышуучусу.
Скотт Циммерман – АКШнын Көк бөрү боюнча 2016-жылкы курама командасынын мүчөсү жана 2018-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан, команданын капитаны. Ал АКШнын Спорттун көчмөндөр түрү федерациясынын теӊ төрагасы.