Жалал-Абадда Нооруз сейил багына 100 эмен көчөтү отургузулду

Бүгүн, 15-мартта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Нооруз сейил багына 100 түп эмен дарагынын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, алдынкы күндөрү эмен көчөттөрү шаардагы Токтогул жана Жеңиш сейил бактарына да отургузулат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаменти быйыл шаар аймагына отургузуу үчүн 500 даана эмен дарагын тендер аркылуу сатып алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан