Бүгүн, 15-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге төрагалыгынын алкагында боло турган иш-чараларды талкуулашты. Ошондой эле Казакбаевдин жакында Орусияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.