Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын китеп окууга үндөштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкерлери Каракол шаарынын мектептеринин башталгыч жана орто класстарынын окуучуларына ачык сабактарды өткөрүштү. Бул жолу милиция кызматкерлери окуучуларга алардын милдеттери жана укуктары жөнүндө маалымат берүү форматынан алыс болушту.
Ачык сабактар оюн түрүндө жана ачык форматта өткөрүлүп, балдар көбүнчө кайсы булактардан маалымат алууну жактырарын тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Андан кийин аларга ошол булактардын пайдалуулугу жана артыкчылыктары кеңири түшүндүрүп берилди. Мындай ачык сабактардын негизги максаты болуп, окуучуларды өздөрүнүн бош убактысын компьютердик клубдарда же болбосо гаджеттер менен өткөрүүнүн ордуна китептерди окууга багытталды.
"Китеп окуу аркылуу балдар сөз байлыгын байытып, ички дүйнөсүн жана көз карашын жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Ошондуктан биз аталган ачык сабактарда окуучуларды жана алардын ата-энелерин көбүрөөк китеп окууга үндөп келүүдөбүз. Анткени китепти бирге окуу менен балдардын жана ата-энелердин ортосундагы карым катнашты бекемдейт, ошондой эле балдарда жылуу эскерүүлөр түбөлүккө калат", - деп белгилешти мекемеден.