УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык сотунун 21-февралдагы токтому менен, 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси, 297-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталышкан У.М.Ж., Т.Ж.Ш., С.А.Т. жана Т.Ш.К.тин кылмыш иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 302-беренесинин, 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктунун негизинде кыскартылган. Мамлекеттик айыптоочу Р.Т.нын оозеки өтүнүчү канааттандырылган.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 31-майынан 5-июнга чейин Жалал-Абад шаарында болгон нааразычылык митингине байланыштуу Шайырбек Ташиевге (депутат Камчыбек Ташиевдин иниси), Медер Үсөновго, Жеңиш Токторбаевге, Айбек Сулаймановго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө аяктап, сотко жиберилген. Маалым болгондой, бул жарандарга “бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу”, “конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык кылуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.