Министрлер кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, тийиштүү токтомго Акылбек Жапаров кол койгон.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.
Белгилесек, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш көрсөтүлүүчү тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардам көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин төрагасы болуп Акылбек Жапаров бекитилген.