SUPER.KG порталы чет өлкөдө окуп, эмгектенип жүргөн мекендештердин бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз учурда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында жашап, эмгектенип жаткан Жони Боронбаев болмокчу.
Аталган шаарда 8 жарым жылдан бери соода тармагында иштеп келе жаткан мекендешибиз учурдагы кырдаал, мекендештер тууралуу сөз кылды.
Ростов-на-Дону шаарынын Темерник кичи районунда жашайм. Бул жакта кыргыздардын 80 пайызы базарда иштейт. Калганы башка ар түрдүү жумуштарда эмгектенишет. Мен дагы базарда бут кийим сатып соода кылам.
Кыргыздардын биримдиги жакшы болгону үчүн бул жакта көчөдө калган кыргыздар жок. Кудайга шүгүр, баары өзүнүн жашоосуна тың. Жакшы иштеп жатышат. Кыргыз диаспорасы бар. Ар жуманын шаршемби күндөрү кыргыздар көк бөрү оюнун ойнойбуз.
Акыркы кырдаалга карата Украинага жакын шаар болгону үчүн, айтор, Кыргыз өлкөсүнөн туугандар чалып, "келгиле" деп айтышты. Бирок бул жакта абал туруктуу. Мурда кандай иштеген болсок азыр деле ошол сыяктуу иштеп, жашап жатабыз. Кыргыз өлкөсүндөгү туугандарга айтар элек, сарсанаа болууга негиз жок.
"Темирник" деген базарда соода кылган кыргыздарга Украинадагылар келип соода кылышчу. Бишкекте "Дордойго" Алматыдан соодагерлер келген сыяктуу. Акыркы кырдаалга байланыштуу алар келбей калды. Мындан жагдай соодагерлердин ишине залакасын тийгизгени байкалууда.
Акыркы кырдаалга байланыштуу интернет тармагындагы кээ бир социалдык түйүндөргө Инстаграм, Фейсбукка кире албай калдык. Мындан тышкары, Ютубда дагы бир нече каналдарга чектөөлөр киргизилген. Аэропорт жабылган.
Ар бир кыргыздын өлкөсүнө кайтуу ойлору бар. Өлкөбүздө завод, фабрикалар курулуп, жумуш орундары түзүлсө, барып иштейт элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.