Республика боюнча коронавирус жуктуруп алган 121 бейтап стационардык дарыланууда

Республика боюнча коронавирус жуктуруп алган 121 бейтап стационардык дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Амбулатордук дарыланууда 140 бейтап бар.

Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек шаары – 74, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 6. Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 66 (54,5 пайызы) орто оордукта, 43 (35,5 пайызы) оор абалда жана 12 (9,9 пайызы) өтө оор абалда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан