SUPER.KG порталына Италияда иштеп жаткан Кыргыз жараны Жаңыл Асылбекова (ред.: каармандын суранычы боюнча аты-жөнү өзгөртүлдү) кайрылды. Ал аталган өлкөдө аз маяна алып иштеп жатканын, документин жоготуп, атүгүл мекенден алыс кеткенине өкүнүп жатканын билдирди.
Айлыктын аздыгы, жетпеген турмуш...
- 2 кызым бар. Жолдошум менен ажырашып кеткем. Кыргыз өлкөсүндө медайым болуп иштечүмүн. Маянам аз болчу. Ага карабай иштеп жүрдүм. Эки баланы багып, батирдин ижарасын төлөп...
Балдар чоңоюп, "үй алабызбы?" деп башташты. Өзүм дагы балдар чоңоюп баратат, турмушка чыкса кудаларга үй жок болсо уят деп мекенден алыс чыгууга аргасыз болдум.
"Үй алам деп мекенден алыс кеттим"
- Италияга иштеп, үй алам деп келгем. Документимди жоготуп жибердим. Моралдык жактан кыйын болууда. Бул жактан ооруп калдым. Же мени караган эч ким жок. Ооруканага көрүнөйүн десем документим жок. Италияда жумуштар оор, маянасы аз (ред.: документ жок болгону үчүн). Жадакалса, эс алууга чыгарбайт экен. Маянаңдын жарымын төлөп, толук айлыкты сурасаң "анда башка жумушка кет" дейт. Ден соолугум жакшы болбой калды. Келбей эле койсом болмок экен... Үйүм жок болсо деле Кыргыз өлкөсүндө жүрө бербей деп ойлоп калам. Өлкөмө кетсем экинчи келбейт элем.
Италияга 2 жолку сапар
- Италияга биринчи жолу 2016-жылы келип, 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнө кайра баргам. Бул жакка сапар тартканда насыя алып келгем. Келип 600 еврого (ал учурда евронун курсу 1 евро 70 сом болчу) иштеп калдым. Маянамды алып эле насыяны төлөөгө, балдарыма салам. Ошентип бир жарым жыл насыя төлөө менен убакыт өттү.
2020-жылы 31-декабрда экинчи жолу келдим. Учурда Италиянын Неаполи шаарынын чет жагындамын. Бул жакта жүргөнүмө жалпысынан 5 жылдай болду. Жашы улгайган адамдарды карап иштейм. Бул аралыкта каражат жагынан эч кандай пайда таба алган жокмун. Ден соолугумдан ажырадым. "Багы жокко дагы жок" болуп паспортум дагы жоголуп кетти. Документим жок болгону үчүн иштеп айлык алууда көп көйгөйгө учурап жатам. Алдашат. Оор жумуштарды беришет.
Паспорт алуу үчүн консулдукка кайрылдым. Эми документимди даярдоо иштери башталды. Качан бүтөрү белгисиз. Күтүп жатам.
Чет өлкөгө чыгып иштейм дегендерге кеңеш...
- Кайсы өлкөгө барба дароо документтериңди мыйзамдаштырып, колуңа алып ал. Айлыгын, эмгек өргүң дагы өз убагында берилет. Документиң жок болсо, көйгөйдөн башың чыкпайт. Кара жумушта, эс алуусуз иштеп, маянаңды өз убагында беришпейт. Биринчи кезекте колуңда документиң болушу зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.