Баткен облусунда ири өлчөмдөгү апийим менен жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы өлкөбүздүн аймагындагы баңгизаттын оор түрлөрүн ири өлчөмдө сатуу менен алектенген топту кармаган.
"2022-жылдын 25-февралында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, К.Э. аттуу жаран кармалып, баштыгынын ичинен эки даана күмүш түстөгү фольгага оролгон, анын ичинде скотчтолгон таңгактар табылган. Мындан тышкары кылмышка дагы бир шектүү жаран кармалган. Алынган заттар соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, таза салмагы 2 килограмм 16 грамм апийим экендиги аныкталган. Иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.