Жалал-абаддык жаш спортчулар бокс боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынышты

Жалал-абаддык жаш спортчулар бокс боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 27-февралдан 15-мартка чейин Иорданиянын Амман шаарында бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында болуп өткөн.

Чемпионаттын жыйынтыгында Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучулары 46 килограмм жана 75 килограмм салмакта Зафарбек Камилов менен Мухаммадазиз Закиров 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болушту.

Азия чемпионатына Р.Санатбаев спорт мектебинен 4 спортчу, 1 машыктыруучу катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан