Акыркы сутка ичинде республиканын медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен айыкты делинип 39 адам үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Бишкек шаары – 10;
Ош шаары – 5;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 2.
Пандемия башталгандан бери илдеттен жабыркагандардын саны 200 миң 776 болуп, анын ичинен 195 миң 985и айыкты.
Ал эми бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 109 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 122 бейтап бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.