Буга чейин белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар намысын коргоо штабы түзүлгөнү кабарланган. Бирок эч кандай каражат чогултулбай турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы кызматкери, медиаэксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Акрамовду колдоо үчүн эч кандай каражат чогултулган жок. Бул провокация! Ага акчанын да, батирдин да кереги жок. Ал ооруканада өз каалоосу менен жашайт, анткени анын бүт өмүрү ошол жерде. Акрамов дайымкы түнкү кароолчу, өзүнүн тажрыйбасы жана алтын колдору менен адамдарга күнү-түнү жардам берүүгө даяр. Биз керектөөчүлүк менен бузулгандыктан, белгилүү бир адамдын кулк-мүнөзүнүн анын эрки жана иш-аракети менен аныкталган моралдык касиетин билдирген жакшылыгын түшүнүп, кабыл ала албайбыз", - дейт ал.
Белгилесек, 14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.