ЖАМК кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата Кыргыз өлкөсүндө жакшы иштердин бир айлыгы өтүүдө. Демилгеге ылайык, бардык министрликтер жана ведомстволор 20-февралдан 20-мартка чейин жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына ар тараптуу материалдык жардам көрсөтүшү керек.
"Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда майып болгон дээрлик отузга жакын кесиптештерге, ошондой эле кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды. Бул максатта аларга абдан зарыл болгон тамак-аш пакеттери берилди", - деп билдиришти мекемеден.
Ардагерлер кеңешинин башчысы, Алибай Нишанбаев куттуктоо сөзү менен кайрылып, Нооруз майрамынын алдында материалдык жардам тапшыруу аземин өткөрдү.