Бишкекке бир күн мэр болгон Эрмек Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекке бир күн мэр болгон Эрмек Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, 2019-жылы июль айынын башында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жиберген Н.Э.ге карата чара көрүү боюнча жамааттык арыз түшкөн. Натыйжада жалпы суммасы 68 миң 550 долларды түзгөн материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты Октябрь РИИБине "алдамчылык" менен каттоого алынган.

17-мартта прокуратура бул сотко чейинки өндүрүштү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына тапшырган. 18-мартта кылмышка шектелип Н.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүгө карата ушундай эле 7 арыз түшүп, жалпы келтирилген зыян 4700 доллар жана 309 миң сомду түзгөн. Бүгүнкү күнгө карата жалпы зыяндын көлөмү 7 миллион 845 миң 696 сомду түздү.

Аталган жарандын колунан жапа чеккен жарандар Чүй ОИИББине же 102 номерине кайрылса болот.

Эске салсак, Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы февраль айында дайындалып, бир күндөн кийин кызматтан кеткен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан