Талас облусундагы Маймак
айылынын тургуну, Токтогул аттуу милиция кызматкери 18 жаштагы Кундуз аттуу кызды ала качып кеткен. Милиция ала качкан кыздын курбусу Марс кызы
Каныкей бүгүн, 25-ноябрда SUPER.KG порталына “Кундуз телефон чалып, "туугандарым алып кетишпесе, өз
жанымды кыям” дегенин маалымдады.
“Кундуз бул кадамга бара ала турган кыз. Азыр
жеңелери кетиптир. "Отурбайм" деп ыйлап жатат. Жакшы сүйлөшүүгө мүмкүндүк бербей
телефонду алып, өчүрүп салышты. Бала “Мен ментмин” деп кызды коё бербесин айтып
жатат”,- деди Каныкей Марс кызы.
Бул тууралуу Кыргыз
Республикасынын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев менен байланышканыбызда, башка
жумуштар менен жүргөнүн айтып, бул маселе боюнча жооп берген жок.