Көк бөрү оюнун эл аралык деңгээлге чыгарабыз деген аракеттерибиз чоң. Мындай пикирин маалымат жыйында Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.
"Бул ар жыл аралыгында сүйлөшүлгөн иш-чара болчу. Бул оюнду америкалык ковбойлордун көк бөрүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурдук. Чынында алар биз күткөндөн да мыкты даярдык менен келишиптир. Биз анча-мынча кыла албаган ыкмаларды жасап, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Мындан ары да достугубуз бекемдеп, мындай оюндардын далайын уюштурабыз деген ишеничтемин", - деди ал.
Ал эми америкалык ковбойлор оюн кызыктуу өткөнүн айтышып, машыктыруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.
"Биз алгач 2018-жылы көчмөндөр оюнуна келип, көк бөрү оюнун ойноп кеткенбиз. Абдан жаккан болчу. Америкага барганда да машыгууну токтотпой, атайын залдарга барып жүрдүк. Бул жакка келгенде кыргыздын мыкты улакчылары менен таанышып, алар менен бирге үч күн машыктык. Ушул машыгуу жемишин берип, натыйжада эң жакшы деңгээлде оюн көрсөтө алдык деген ойдобуз", - дешти алар.
"Кыргыз өлкөсүндөгү көк бөрү оюнунда 90 пайызын ат аткарат экен. Чынында кыргыз аттары өзгөчө. Аттарды машыктыруу ыкмаларын башка өлкөлөргө да үйрөтүшүңөрдү каалайт элем.
Оюн учурунда жанымдагы Лэдд дагы, Уилл дагы сууга секиргендей эле тай казанга эркин секирип жатышты. Биз видеолордон улакчы Манас Ниязовдун ойногонун да көрүп калчубуз. Анын көк бөрү оюнунда кылган ыкмаларын кайталап, ага окшогубуз келди", - деди ковбойлордун бири Ник Уиллерт.
Ал эми алардын машыктыруучусу Нургазы Борбиев төмөнкүлөргө токтолду:
"2018-жылы көчмөндөр оюнуна 10 ковбой келишкен. Быйыл төртөө менен машыгуу бир аз жеңил болду, эч кандай кыйынчылык болгон жок. Машыгуунун биринчи күнүндө эле кадимки кыргыз улакчыларындай эңкейишип, тай казанга улакты салып жатышты, болгону 1-2 гана ыкманы көрсөттүк".